Жээнинин башын таш менен жанчып тирүүлөй камыш арасына ыргытып койгон

Ош облусунун Өзгөн райондук соту 3 жаштагы баланы өлтүрүүгө айыпталган окуучуга өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

  • Айыпталуучу Махмуд (ысымы өзгөртүлдү) 2006-жылы 17-октябрда Өзгөн районунда туулган. 9-класстын окуучусу, буга чейин соттолгон эмес. Ага Жазык кодексинин 138-беренесинин (ден соолукка оор зыян келтирүү) 3-бөлүмүнүн (этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген) 1-пункту боюнча айып тагылган. Ал 2021-жылдын 15-февралынан бери камакта.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Махмуд 2021-жылы 17-январда саат 11:30 чамасында Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагында 2017-жылы туулган Шухратты (ысымы өзгөртүлдү) айылдын түштүк тарабындагы талаага алып барып, буту менен жамбашына тээп, муштуму менен бетине уруп, жабырлануучу өзүн жоготуп, жерге жатып калганда жерден таш алып, башка чаап, аны камыштын арасына таштап, өзү изин жашырган.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алды. Анын айтымында, окуя болгон күнү кошунасы Шухрат үйүнө ойногону келген. Ага карындашы кийинип алсын деп айтканда үйдөн чыгып кеткен. Жолдо бара жатса Шухрат артынан келип, «сиз менен ойногону барам» деп артынан ээрчип алган. Ага таенесинин үйүнө бара турганын айтып, кал десе болбой, артынан ээрчип алган. Ага талаага бара тургандыгын айтса дагы, артынан калбай ээрчиген. Талаанын жолунда Шухратты бир жолу тээп, ага «иттер бар, үйүңө кет» десе сөгүнүп туруп алган. Аны кайра тепкенде жерге жыгылган. Андан кийин таш менен башка уруп жиберип, коркуп кетип, аны таштап үйүнө кетип калган. Үйүнө барса Шухратты издеп жатышкан. Шухраттын бир тууган агасы, таякесине кошулуп издеп баштаган. Аны таенеси таап, ооруканага алып кетишкен. Ал Шухрат камыштын арасында жатканда тирүү болгонун айтып, кечирим сурады.

Сот отурумунда жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү — маркум баланын танеси көрсөтмө берди. Анын айтымында, окуя болгон күнү саат 11:00 чамасында улуу небереси келип, «Шухрат келдиби?» деп сураганда келбегендигин айткан. Ал учурда үйдөгү жумуштар менен алек болуп, тамак-аш жасап жаткан. Улуу неберси Шухратты таппай келген. Андан кийин күйөө баласы келип, көлдүн айланасынан издеп жатышканда кошунасынын баласы жана неберси Шухратты табышканын айткан. Күйөө баласы көлдүн үсүндөгү муздун үстүндө жүргөндүктөн өзү Шухратты көтөрүүгө аракет жасап, бирок алы жетпей, ага жардам беришкен. Небересинин бети-башы кан болуп, көзү шишип, бир жак бети сыйрылып кеткен. Ооруканага алып барганда ал каза болуп калганын айтышкан. Небересин тапкан учурда дем алып жаткан. Аны Махмуд өлтүргөнүн 1 айдан кийин гана билгенин айтып, ага карата мыйзам чегинде жаза берүүнү суранды.

Сот отурумуна көрсөтмө берүү үчүн райондук соттук-медициналык экспертизанын башчысы да чакырылды. Анын айтымында, окуя боюнча 2021-жылдын 17-январында саат 18:10 чамасында Өзгөн РИИБдин тергөөчүсү уюлдук телефон аркылуу аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон жаш баланы кароо үчүн чакырган. Өлүк сактоочу жайда денеге кароо жүргүзгөн. Баланын көзү шишип, бети сыйрылып, баштын сөөгү бузулуп, баш оң жагынан солду карай ажырап, кан тамырлар сыртка чыгып калган.

Сот отурумунда күбө Максат (ысымы өзгөртүлдү) айыпталуучуну сыртынан тааный турганын билдирди. Окуя болгон күнү саат 11:00-12:00 чамасында айылдагы талаага мал айдап бара жатып, балык көлдүн жанына жеткенде Махмуддун келе жатканын көргөн. «Малдар жогоруга кетеби?» деп сураганда мал түз кете турганын айткан. Окуя тууралуу билбегенин, Махмуд ойноп жүрсө керек деп ойлогонун айтты.

Сот отурумунда көрсөтмө берген Тахминанын (ысымы өзгөртүлдү) айтымында, аймактык оорукананын кечиктирилгиз жардам берүү бөлүмүндө отурса, бейтааныш адамдар эсин жоготкон оор абалдагы баланы алып келишкен. Ал баланын тамырын кармап, сырттан кароо жүргүзгөндө башы деформация болуп, шишип кеткен, он жак бети шылынып, белдин каптал тарабында кызарган жери бар болгон, сол көзү көгөрүп, шишип кеткен абалда болгон. Дем алуусу стабилдүү эмес болуп, бала оор абалда болгондуктан аны жандандыруу бөлүмүнө которушкандыгын, баланын башы дарбыз сыяктуу жарылгандыгын көрсөттү.

Сот отурумунда маркум балага кошуна жашаган аял көрсөтмө берди. Анын айтымында, Шухрат жоголду деп издешип, андан кийин табылганда ооруканага алып кетишкенде анын чоң энеси менен ооруканага барышкан. Баланы жандандыруу бөлүмүнө которушуп, унаа сүзүп кеткенин айтышкан. Баланын таенеси экспертизага бербейбиз деп жатканда аларды чыгарып салышкан.

Жыйынтыгында сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 4 жыл, 6 айга эркиндигинен ажыратты.

Add your comment

Your email address will not be published.