Жигитим мени досунан кызганып кол көтөрүп…

Беш жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитимдин кыялы Кореядан досу келгенден бери бузулду. Буга чейиин менин кыялымдагыдай жакшы адам болучу. Бир ай мурун Кореядан досум келиптир деп мени кошо ээрчитип барып бир кофеде чогуу отурганбыз. ошондон кийин эле жигитимдин кыялы өзгөрдү. Кээде уктап жатсам туну чалып кайда журөсүң дейт. Эки күн мурун курбу кызымдын туулган кунунөн келе жатсам кайра-кайра чалып мага жолукту. Курбумдукунан келе жатканыма ишенбей телефонумдан бери текшерип, аягында бетке бир койду. Жыгылып түшсөм буту менен тепкиледи. Азыр сол көзүм көгөрүп сабакка бара албай жатаканада жашынып жатам. Милицияга арыз жазайын десем арыздансан мууздап кетем деп коркутуп жатат. Беш жылдан бери мындай жинди экенин билген эмесмин.

Add your comment

Your email address will not be published.