“Жаш балдарды уурдап, ички органдарын алып жатат» деген шектүү аял кармалды

Акыркы кезде белгисиз жарандар тарабынан аудио үн менен коштолгон, чындыкка дал келбеген маалыматтарды, тагыраагы, “Кара-Сууда жаш балдарды уурдап, ички органдарын алып коюп жатышат” деген мазмундагы маалыматтар WhatsАpp мессенжери аркылуу тарап жаткан.

Аталган маалымат боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана Кара-Суу РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, аудио үн аркылуу чындыкка дал келбеген, такталбаган маалыматты тараткан жарандын аты-жөнү аныкталып, милиция кызматкерлери тарабынан ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Ал Кара-Суу шаарынын 60 жаштагы Т.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталды. Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тийешелүү чаралар көрүлүүдө.

Add your comment

Your email address will not be published.