Видео- Таксист унаанын эшигин тепкени үчүн жүргүнчүнү чачынан сүйрөп чыккан

Унааны тээп, түркүргөнү үчүн таксист кардар аялды унаадан чачынан сүйрөп чыккан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, окуя Москва шаарында катталган. Анда жүргүнчу кыз Каширская Плаза соода борборуна такси чакырган. Унаа токтогондо колдорунда сумкалары болгондуктан ал унаанын эшигин ача албай бир топко кармалып калган. Бул мезгилде унаа журуп баштаган. Айдоочунун жардамдашпаганына жини келген кардар таксинин эшигин тепкилеп түкүрүнгөн. Унаа токтой калганда жүргүнчу унаага түшө калган. Бул учурда унааны тепкенге ачууланган айдоочу кызды унаанын ичинен чачынан сүйрөп чыгып кол көтөргөн. Бул окуяны алыста турган күбө телефонуна түшүрүүгө жетишип калган.

https://youtu.be/77Ya3KzquA0

Add your comment

Your email address will not be published.