Велосипедчен жаранды сүзүп алган мектеп директору унаасына келтирген чыгымын төлөшүн талап кылган

Велосипедчен жаранды сүзүп кеткен мектептин директору ооруканага түшкөн жабырлануучудан унаасына келтирилген чыгымды төлөшүн талап кылган. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жабырлануучунун билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Маалыматта,  №41 мектептин директору Виктория Львовна Кравцова 25 жаштагы велосипедченди унаасы менен коюп кеткен. Директор башында жабырлануучунун дарыланууга кеткен баардык чыгымдарын көтөрмөкчү болуп арадан эки ай өткөндөн кийин унаасына келтирилген зыянды төлөшүн талап кылган.

Жабырлануучунун атасы Анатолий Фоминдин айтымында, анын 25 жаштагы уулун унаа сүзүп кеткен, адегенде күнөөлүү тарап бардык дарыланууга кеткен чыгымды төлөп берүүнү убада кылган. Ошол эле учурда моралдык жана материалдык зыян тууралуу такыр сөз болгон эмес.

«Мен кырдаалды түшүндүм жана авто-кагылышуунун күнөөкөрүн адамча кечирдим. Биз полицияга арыз да жазган эмеспиз», — деди Фомин.

Ал белгилегендей, Виктория Кравцова 80 миң сомго жакын акча төлөп, анан баарын тоготпой баштаган.

«Жакында бизди автотехникалык экспертизага чакырышты. Ошол жерден Кравцова менин уулумдан келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн ага келтирилген зыянды эсептеп алгысы келгенин түшүндүк. Бирок бул кантип болушу мүмкүн, мен түшүнбөйм! Кантсе да ал менин баламды жол тандабас унаасы менен сүзүп алган. Менин уулум сүзгөн жок», — деп ачууланды Анатолий Фомин.

Фомин уулунун акыреги бир топко сынып кетип, аны чогултууга келгенде хигургдар көпкө убара болушкан. Учурда уулунун он колу толук иштебей акыреги калыбына келе элек.

«Уулум 25 жашта болсо да чыдагыс оорудан жаш баладай боздоп ыйлап жатты. Биз сүзүп алган аялды деле кечирип кырсык деп кабыл алдык. Болгону дарыланууга кеткен чыгымын көтөрүп беришин сурадык. Ал болсо уулумду сүзгөну аз келгенсин эми унаасынын чийилген жерлерин төлөтүүгө аракеттенип жатат. Адилеттүүлүк жеңет деп ишенем», — дейт жабырлануучунун атасы.

Add your comment

Your email address will not be published.