Вт. Янв 25th, 2022

Теле алып баруучу, ырчы, Назира Кадыева дарылануу үчүн чет өлкөгө кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, Стамбулдун аэропортунда экенин белгиледи.

Ал буга чейин өзүнүн баракчасына, боорунда шишик бар экенин, операция Түркия же Индияда жасаларын айткан.

«Кудай менден десе, эне менен баланы эч ажыратпасын! 5 айлык Айтегиним калды, апасы кетти. Балам, күч-кубат берчи, бөжөгүмсүң, кайтып келээр күн алыс эместир.
Баардык асыл адамдарга, жакындарыма дуба,тилек, бата, колдооңуздарга рахмат»,-деди ал.

Белгилей кетсек, Назира Кадыева менен жолдошу ушул жылдын 21-июнунда уулду болушкан.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *