Маска тагынуудан баш тарткан жаран ок чыгарып үч адам каза болду

Маска тагын дегени үчүн соода борборунун биринде эркек адам ок чыгарган. Анын кесепетинен эки жаран каза болуп, үчоо оор жаракат алды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматта, окуя кирип келе жаткан жаранга күзөттө турган  адам маска тагынып кирүүсүн өтүнгөн. Маска тагынуудан баш тарткан жаран жанындагы куралынан ок чыгарып, күзөттө турган адам билдирүү кнопкасын басууга үлгүрбөй каза болгон. Ошондой эле жакын жерде жургөн жагы бир жаран каза тапкан. Эки жаран жана 10-11 жаштагы окуучу кыз оор жаракат алып ооруканага жеткирилген. Ок чыгарган жаран кармалып убактылуу камоочу жайга киргизилди.

Add your comment

Your email address will not be published.