Күйөөмдүн бул жоругун мен гана эмес, кошуна эже дагы унута албайт

 

Урушуп кетсек ушул окуяны эстейбиз.
Таарынышып кетсек ушул окуяны эстейбиз.
Тил табыша албай жатсак ушул окуяны
эстейбиз. Кыскасы, бизди ушул окуя
жараштырат.
Анда кеп башынан болсун.
Кош бойлуу кезим эле. Үчүнчү балабыз. Бул
кош бойлуулугум оор болду. Токсикозум
аябай кыйнады. Эки балама такыр убакыт
бөлө албай калдым. Күйөөм жумушунан
үйгө чуркап келет. Тамак жасап, кайра
балдарды бала бакчадан алып келет. Мен
калп айтпасам төрт жолу бейтапканага
жатып чыктым.
Даалай ирет кыялымды көрсөттүм.
Алтындай күйөөм бар. Бир дагы катуу сөз
айтпады. Баарына чыдап отурду. Улам
сыртка чыгып дем алып келет, кайра менин

эркелигимди көтөрөт. Билем, ага деле оор
болду. Бирок, кош бойлуулуктагы
гормондорду башкарып болбойт экен.
Конуштарда жашайбыз. Үйлөр жаңыдан
түшө баштаган. Кошуналар менен аралыктар
тосула элек.
Апам үйгө чакырып «кой сойдук, эт алып кет»
деген. Чыгып баратсам күйөөм келе
жатыптыр. Жүр десем, үйдө эле болоюн деп
калды. Кыязы, тартынды окшойт.
Куурдак жеп алып, шашпай үйгө келсем
күйөөм жымыңдап тосуп чыкты. Эмне
болгонун сурасам, мени убара болбосун деп
кир жууп койгонун айтты.
— Кайсы кир? Бизде кир жок болчу.
— Тиги жерде туруптур. Анан кимдикин
жуудум?

Каткырып сыртка чыктым. Карасам кошуна
эже күлүп жатыптыр. Көрсө ал кирлерин
алып чыгып коюп, дааратканага кирип
кетиптир. Анан күйөөм ал чыккыча кирлер
биздики экен деп жууп жайып коюптур.
Экөөбүз боорубуз эзилип калды.
Күйөөм менен урушуп кетсек, «бар кир жуу»
дейм. Анан айла жок күлүп жиберет.
Мага кам көрүп, кыялымды көтөрүп, сонун
учурларды тартуулаганың үчүн рахмат! Мен
сени сүйөм.

Add your comment

Your email address will not be published.