“Кайненем мурунку келининин сөзүн сүйлөп, аларды коргоп жатат”

Турмушка чыгып жатканда күйөөмдүн мага чейин аялы, балдары бар экенин билчүмүн. Ал эки жыл мурун ажырашып кеткенин айткан эле. Биз баш кошуп, бир балалуу болуп калганыбызда, эки баласын ээрчитип мурунку аялы келип алды. Азыр бир үйдө кайненем, күйөөм, мен, уулум менен жана мурунку аялы эки кызы менен жашап жатабыз. Кайненем болсо мурунку келининин сөзүн сүйлөп, аларды коргоп атат. Мен кетейин десем күйөөм “кетпейсиң” деп болбойт. Өзүнчө чыгып кетели десек, кайненем күйөөмө “кетсең топурагымды түйүп берем” дейт. Эмне кыларыбызды билбей калдым. Мурунку аялы болсо ичкен чынысын да өйдө албаган жүдөөрөк аял экен. Артынан жыйнагым да келбей калды. Ушунун айынан үйдө күндө уруш…

Нурай 

Add your comment

Your email address will not be published.