Эмнеге Текебаевге кол салуу болгондон кийин митингдер токтоду?

Өткөн аптада “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди топтошкон балдар сабап кетишип, өлкө ичи уу-дуу түштү. Эл аралык коомчулукту таңгалдырдык. Окуянын өнүгүшүнө карай Текебаев тентектерди кечирип, бирок уюштуруучуларын жазалоо принцибинен тайган жок. Аныгында, 63 жаштагы саясатчыны жабыркатып, ыза кылышты, бирок саясый аброю эбегейсиз көтөрүлдү. Тагдырдын тамашасыбы, айтор, Текебаевге кол салуу болгондон кийин БШКнын астында күндө өтүп аткан митинг токтоп, саясатчылар, активисттер чээнге кирип кетишкендей эле жоголушту. Ошондо коркуп калыштыбы?..

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.