Дастан Бекешев: «Суу тартыш учурунда Казакстанга эмнеге суу бердик?»

Депутат Дастан Бекешев министрлер кабинетинен Казакстан Токтогул суу сактагычынан сууну кандай негизде алганы боюнча отчет талап кылды.

«Алар эмне үчүн жайкысын Казакстанга 330 млн. куб суу бердик деп сурап жатышат. Ошол кездеги суу тартыш болуп, суу сураганда суу жок деген жоопту алып жаттык. Көрсө биз элди алдап жүргөн экенбиз. Казакстанга качан суу бердик? Анын ордуна эмне алдык? Жазда Токтогул ГЭСи иштейби? деген суроолорго так маалымат бергиле. Электр энергиясын кимден, канча киловатт-саат жана кандай баада алганыбызды айткыла», — деди Дастан Бекешев.

Add your comment

Your email address will not be published.