Бактыбек Калмаматов: Бакиевдин бандиттик режими кайра орноду

Мындай пикирин саясатчы Бактыбек Калмаматов «Политклиника» медиасына маек берип жатып билдирди.

«Мен буга чейин деле айткам, биз абсолюттук хандык режимде жашап жатабыз. Адамдын айтка сөзү үчүн куугунтукка алынган заманга келип калдык. Мындай кысымды өз учурунда Бакиевдин маалында көргөнбүз. Адамдар камалып эле тим болбостон, кырктан ашуун эр-азаматыбыз атылып кеткен. Акырында жөн кетпей, 100гө жакын адамды атып кеткен. Азыркы бийликтин башкаруу режими дал Бакиевдикине окшош. 2010-жылы ушундай проблемалардан кутулдук деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, ошол реваншисттик күчтөр бийликке келди. Кайра ошолор жеңип келип, бүгүн ошол биз жокко чыгардык деген режим кайра орноду. Коёндой окшош, кысымдары, мыйзам талаасынан чыгып кетип, түшүнүктөр менен башкаруусу — баары окшош»,-деди.

Add your comment

Your email address will not be published.