Москвада кыргызстандык жигит унаанын ичинде жан берди

Россиянын Москва шаарында каза болгон кыргызстандык жарандын туугандары табылды.

  • Буга чейин социалдык тармакка ушул жылдын декабрь айынын башында Москвада таксист болуп иштеген 31 жаштагы А.К.нын жансыз денеси унаанын ичинен табылганы тууралуу маалымат тараган. Ошондой эле анын туугандары изделип жатканы айтылган.

Москвада эмгектенген Токмок шаарынын тургундарынын айтымында, маалымат социалдык тармакка тарагандан кийин көп өтпөй, анын туугандары табылды.

«Ал 1990-жылы төрөлгөн А.К. болгон. Токмок шаарындагы жаӊы конушта жашачу. Түбү Жумгал районун Чаек айылынан болот. Токмокто күзөтчү болуп иштеп, кийин Токмок шаарынын ичинде такси кызматында да иштеген. Андан соӊ Россиянын Москва шаарына келип, такси кызматында иштеп жүрүп, унаасында жатып эле жүрөгү токтоп калыптыр. Жүрөгү ооруп жүрчү экен. Артында үй-бүлөсү, эки баласы калды. Кечээ, 6-декабрь күнү туугандары анын сөөгүн Кыргызстанга алып кетүүгө камданып жатышкан», — дешти алар.

Add your comment

Your email address will not be published.