Менин окуям үйлөнгөн балдарын бөлбөгөн ата- энеге сабак болсун

Ден соолугумду калыбына келтирип алайын
деп бир жума санаторийге кеткем. Үйгө
келсем «отопления» жарылып, неберелерим
жөтөлүп, картошкаларды үшүк алып
кетиптир. Ал эми кызым менен күйөө балам
жаңы жууркандарымды жамынып алып
бейкапар уктап жатышат. Бул сабырымдын
акыркы чекити болду.
Жумушка баратып сөзсүз экөөнү ойготуп
кетем. Тамактарды кечинде даярдап
муздаткычка салып коем. Түштө чуркап
келип, эки неберемди мектепке жөнөтөм.
Ата-энесинин алар менен иши жок,
сабактарын калтырып койсо деле баары
бир.
Кызым менен күйөө балам менден биринчи
келишет. Ошентсе да, от жагып койгонго
жарабай суук үйдө отура беришет. Ой, баягы
күнү зымдар ээрип, эч нерсе сая албай
калдык. Күйөө балама оңдоп койчу десем,

«мен билбейм» деп ийинин куушурат. Анда
электрик чакырып келүүсүн айтсам, «ал
кайда иштейт» деп ачуумду келтирди.
«Элементарный» нерсени билишпейт. Үйдө
азык-түлүк барбы же жокпу баштары
оорубайт.
Тамак жасагандан ээринип кукси сатып
алып ичишет.
Өзүм базарда эт сатып иштейм. Кыш
келгенде аябай кыйналам. Мени аяп койгон
эч ким жок. Баарына өзүм күнөөлүмүн.
Башында өзүнчө жашайлы дешкенинен
макул болбой койгом. Бекер кылыпмын.
Дароо бөлүш керек экен. Эмнеге деп
сурашыңар мүмкүн, анда угуп тургула.

Жоопкерчиликке үйрөнүшөт. Жокчулук эмне
экенин билишет. Бирде ач, бирде ток жүрүп
жашоого такшалышат. Чоң адам болгонго
үйрөнүшөт. Өздөрү жараткан балдарын
карыган ата-энесинин мойнуна илишпейт.
Бала багуу кандай оор экенин көрүшөт.
Бөлүп койсок алыстап кетишет деп
коркобуз, жок кайра баркыбызды
түшүнүшөт, канчалык узак болсо, ошончолук
жакын болушат. Үйдө чыр чыкпайт,
ынтымак качпайт.
Андыктан, кароого муктаж болбосоңор,
балаңарды үйлөнттүңөрбү, кызыңарды
турмушка бердиңерби, дароо бөлүп салгыла.
Эч качан жашоолоруна аралашпагыла.
Болбосо мойнуңарга чыгып, бир
жарытарлык чечим кабыл алалбаган,
колунан эч нерсе келбеген бала бойдон
калышат.
Өзүңөр деле ойлонсоңор, жаңы үйлөнгөн

жаштар ата-энеси менен жашашы керек
деген нерсенин айынан бактысыз, бири-
бирин жек көргөн адамдар чогуу жашап же
канчалаган үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Мунун
эч кимге кереги жок!
Кызым менен күйөө баламды бөлдүм. Кечээ
кызым чалып, этти канча саат кайнатат
экенин сурады. Күйөөң эмне кылып жатат
десем, көмүр сатып алганы кеткенин айтты.
Сөзүнүн аягында, кыйналып жатышканын
билдирди. Ошентип такшаласыңар, оңой эч
нерсе жок дедим. Аябадым, келгиле деп
чакырбадым. Билем, азыр кыйналышат,
кийин рахмат айтышат.

Add your comment

Your email address will not be published.