Кайтартма окутсам жашоом оңолобу?

Турмушка чыкканыма он эки жылдын жүзү болду. Ушул жылдын ичинде жолдошум мени менен жашап туруп эле эки аял алууга жетишти. Биринчи жолу күйөөм башка аялдын үстүнө кирип жашап алганда кетип калгам. Кайненем кийин болбой жатып алып келген экинчи жолкусунда канчалык кетейин десем да ошол үйдүн босогосун аттан чыга албай койгом. ошентип келесоо кишидей болуп жашап келем. Акыркы кезде башып көп ооруп, түшүмдө мени кара сөлөкөттөр айлана берчү. Жакында эле жолдон бир апа жолугуп калып, кызым сени дуба бар, аны кайтартма кылдырбасаң башыңдын оорусу эми журөккө түшөт деди. Ошондон бери ойлоно берем, эмнеге ким мени дубалатты деп. Кайтартма окутсам болобу?

Add your comment

Your email address will not be published.