Кайгымды, сырымды уга турган мырзаны таппай келем

Турмуштан ажырашканыма 7 жыл болду. Эки уулум бар, ушул убакка чейин аларга “турмушка чыкпайм” деп сөз берип келдим. Ал кезде 22 жашта болчумун. Азыр отуз жашка толдум. Барган сайын жашоо кызыксыз, супсак тартып барат. Балдарым атасы менен катташып турат. Өзүм жиберем. Атасы ким экенин билип, атанын тарбиясын алуулары үчүн. А өзүм турмуштан кыйналдым. Жалгыздык жанымды эзет. “Бул жарык дүйнөгө эмнеге келдим? Бакыт деген эмне?” деген түрдүү суроолорду өзүмө көп узатчу болдум. Мырзалар менен сүйлөшө келсем, баары окшоштой. Жөн гана жана кайгымды, сырымды бөлүшүп турчу да адам кезиктире албадым. Баары пайданы, өз кызыкчылыктарын көздөгөндөй. Өзүм таза, тыкан, ар бир сөзгө маани берген жанмын. Бул кебетем менен менин жүрөгүмдүн ачкычын эч ким таба алчудай эмес. Жарыкчылыктан жалгыз өтүп кетемби?..

Нурайым 

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.