Экинчи күйөөм биринчи күйөөмдөгү кызды батырбай жатат

Экинчи турмушум менен жашайм. Биринчи турмушумдан бир кызым бар. ал азыр 14 чыгып калды. Аны апам багып алган эле. арадан он жыл өткөндө кайра турмушка чыгып кыздуу болдум. Бул күйөөм жакшы болгону менен кызымды батырбай жатат. Быйыл кызымды апам эртели кеч турмушка чыга турган күн келет жанында болсун деп быйыл жиберген эле. Эми күйөөм кызын катуу басат, кызын минтип койду, кызын тигинтип койду качан кетиресин деп мээмди жей берчү болду. Кызым да күйөөм барда өзүнун бөлмөсунөн чыкпай отура берет. Эки ортодо кыйналып жатам. Күйөөм таптакыр эле кызымды кодулап, кетириштин айласын кылып ал барда уруш чыгарып да ийип жатат. Эмне кылам?

Add your comment

Your email address will not be published.