Тапканымды жатып алып төркүнүңө ташыйсын деп күйөөм уруша берет

Турмушка чыкканы күйөөм мени иштеткен жок. Бала менен үйдө отурам. Улуу агам көп балалуу. Жеңем балдар менен үйдө агам болсо туруктуу жумушу жок. Кээде күйөөмө көрсөтпөй жеңеме акча салып турчумун. Аны күйөөм байкап калыптыр, эми нанга да акчаны эсептеп таштап жатат. Акча таштарда дайыма: «Ушундан дагы ашыра калып ачка калган туугандарынды багасын да. Өзүң иштебегениң аз келгенсип өзүңө кошуп туугандарынды кошо багасын менин артымдан жашайсыңар доңуздар»-деп айтат. Ушул сөздү уга берип жададым. Өзү деле кайынсиңдимди кайын журту менен багып келет. Ай сайын карындашына унун ундай кийимин кийимдей алып берет. Айтор менин жеңеме салган 1000 сом үчүн болгон туугандарымды сөгө берчу болду.

Add your comment

Your email address will not be published.