Рита Карасартова: “Нуржан Шайлдабекованын БШКны башкарууга моралдык укугу жок”

— Рита айым, шайлоо таза өттүбү? 

— Кеп элибизде жатат окшойт, анткени, биз дайым бийликти урушуп келебиз. Анын бирден-бир себеби, эл жакыр, бул айтпаса да түшүнүктүү дейли. Ошондон улам бийлик кандайдыр бир ыкмасында унга, көмүргө баанын арзандатуусу, аз камсыз үй-бүлөгө светтин тарифин төмөндөтүүлөр боюнча иштей баштады. “Аа, бул бийлик биздин ишибизди оңдоп берет турбайбы” деп шайлоону колдоп бергени жаман эмес. Бирок, алар терең көз карашта ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенинин көрсөтүп койду.

— БШКнын сбой бергени боюнча эмне дейсиз?

— “Колунан кармап албагандан кийин кантип ууру катары айтасың?” дегендей маселе бар. Башында жакшы баратып эле сбой берди. Жок болуп кетти. Анан кайра уланды. Эң башында “Альянс” партиясы эң жакшы орундарда бараткан. 12 пайызга чыккан. “Эл үмүтү” партиясы бийликчил экени айтылууда. Бул партия 4 пайыз болчу. Анан эле кол менен эсептөөгө өткөндөн кийин “Альянс” менен “Бүтүн Кыргызстандын” көрсөткүчтөрү түшүп, “Эл үмүтү” аябай көтөрүлүп кетти. Каалайсыңбы-каалабайсыңбы, күмөн жарата турган маселе орун алды.

— “БШК төрайымы кызматтан кетсин” дегендерге кошуласызбы?

— Биз дайыма бирөөнү жумуштан кетирсек эле баардык маселе чечилерин ойлойбуз. Президенттик башкарууда жашап жатабыз. Баардык бийлик бир адамдын колуна өттү… Эмнеге Нуржан Шайлдабекова кызматтан кетиши керек? Анткени, мындан ары БШКны башкарууга моралдык укугу жок. Себеби, бюллетендерди кол менен саноодо байкоочуларды “сиздер кете бергиле” деп айтышы мыйзам бузууга жатат. Экинчиси, шайлоо протоколдору түнү менен эсептелип, эртең менен уже илинип турушу керек эле. Азыр карасаң үч суткадан ашып кетти. Баардык протоколдор даяр эмес. Бул жерде да күмөн жарата турган маселе арбын.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.