Вт. Янв 25th, 2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-ноябрда кечки 22:00дө маалымат жыйынын өткөрмөк, бирок, белгисиз себептерден болбой калган. Ага чейин БШК мүчүлүштүк кетирип, баардык партияларга берилген добуштардын санын төмөндөтүп алганына күбөбүз. Бул көрүнүшкө ар кандай себептер болжонуп, бийлик-оппозициянын ортосунда кайым айтышуу, тирешүүлөр токтобой келет. Эл ичинде түрдүү жоромолдор да орун алды. Мындай шартта министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик аппараттын башчысы Акылбек Жапаров башын коңулга катпай, аргументтүү сөздөрүн айтпайт беле? Же кууландыбы? Каршылык көрсөткөн саясый күчтөргө жаман көрүнгүсү келбесе керек. Балким купуя пландары барбы?

Ал эми президент Садыр Жапаров өлкөдөгү кырдаалга жараша түшүнбөстүктөрдүн алдын алып, интервью берип, кайрылуу жасап, андан тышкары Фейсбуктагы баракчасынан байма-бай жазып, ар кандай провокацияларга, коомчулукту адаштырууга жасалган аракеттерге жооп кылууда. Акылман элибиз туура кабылдаса керек…

Дал ушул жогорудагы эки мисалдан соң кимдин ким экенин бааланат да. Мамлекет үчүн иштебеген адамды талдап алса болот бекен?..

«Азия Ньюс» гезити

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *