Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун канча мал-мүлкү бар?

Мамлекеттик салык кызматы экс-президент Сооронбай Жээнбековдун киреше-чыгашасы тууралуу 2020-жылга карата тапшырган декларациясын чыгарды.

Белгилей кетсек, Жээнбеков былтыр октябрь окуяларынан кийин президенттик кызматтан кеткен.

Декларацияга ылайык, өткөн жылы Жээнбеков 944 138 сом киреше тапкан. Бирок «чыгашасы» деген графа толтурулган эмес. Мындан сырткары, ага 160 чарчы метрлик турак жай жана МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактор таандык.

Экс-президент 23 жер тилкесине ээлик кылат:

  • айыл чарба багытында — 0,45 гектар;
  • айыл чарба багытында — 15,05 га;
  • айыл чарба багытында — 5,55 га;
  • айыл чарба багытында — 0,96 га;
  • айыл чарба багытында — 1,08 га;
  • айыл чарба багытында — 0,67 га;
  • айыл чарба багытында — 7,43 га;
  • айыл чарба багытында — 1,06 га;
  • айыл чарба багытында — 4,25 га;
  • айыл чарба багытында — 4,24 га;
  • айыл чарба багытында — 1,12 га;
  • айыл чарба багытында — 0,70 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,16 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,32 га;
  • айыл чарба багытында — 0,32 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га;
  • айыл чарба багытында — 0,64 га.
  • Үй алдындагы бакча — 0,04 га;
  • Үй алдындагы бакча — 0,06 га.

Документте Жээнбековдун жакын туугандары былтыр 6,5 миллион сом киреше тапканы көрсөтүлгөн. Алар 64 чарчы метрлик батирге, Lexus-470 үлгүсүндөгү автоунаага, 12 миллион сомдук бодо малга, 850 миң сомдук жылкыга ээлик кылат. Мындан сырткары, эки өндүрүштүк имараты жана 11 жер тилкеси бир.

Алар төмөнкүлөр:

  • Аянты 1 гектарды түзгөн өндүрүштүк имарат;
  • Аянты 1 гектарды түзгөн өндүрүштүк имарат.

Жер тилкелери:

  • айыл чарба багытында — 3 га;
  • айыл чарба багытында — 5 га;
  • айыл чарба багытында — 2 га;
  • айыл чарба багытында — 2 га;
  • айыл чарба багытында — 1 га;
  • айыл чарба багытында — 1 га;
  • айыл чарба багытында — 4 га;
  • айыл чарба багытында — 4 га;
  • айыл чарба багытында — 0,6 га;
  • айыл чарба багытында — 2 га;
  • айыл чарба багытында — 0,6 га.

Эске салсак, Жээнбеков 2017-жылга карата тапшырган декларациясында эки үйдүн (бирөө дача) жана айыл чарбага ылайыкталган төрт жер тилкенин, ошондой эле МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактордун ээси экени жазылган.

Ал эми жакын туугандарынын бир батири, айыл чарбасына ылайыкташкан эки жер тилкеси жана Lexus үлгүсүндөгү автоунаасы болгон.

Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын апрель айында премьер-министр кызматына дайындалып, 2017-жылдын октябрь айында президент болуп шайланган. Былтыр октябрь айында элдик толкундоодон кийин тактыны бошотуп кеткен.

Add your comment

Your email address will not be published.