Пт. Янв 21st, 2022

Биз алты жылдан бери Томскийде иштеп жашап келгенбиз. Жалгыз бир тууганым катуу ооруп тез арада операция кылуу керек болуп калды. Күйөөмө айтсам акча жок деп койгон. Өзүмдүн жыйнап жургөн акчаларымды алып Бишкекке учуп кеткем. Келип жакшы хирург менен сүйлөшуп бир тууганымдын операциясы жеңил өттү. Албетте бир тууганымдын операциясына, дары-дармегине бир топ акча кетти. Жалгыз агамдын жылмаюсун да көрдүм. Бул мен үчун бакыт болду. Сүйүндүм. Кубанычымды бөлүшөйүн деп күйөөмө чалсам бир аял алды. Ал күйөөм менен эки жума мурун баш кошконун экинчи чалбашын айтты. Кубаныч менен ыза биригип кетти. Агам оорукандан чыккандан кийин туугандардан карыз акча алып Томскийге келсем күйөөм башканы алып алганын мен агамды тандоо кылып кетип калганымды бетиме салып батирге киргизбей койду. Азыр башка жердештерим менен бирге жашап иштеп жатам. Кайненемде калган уулум менен кызым биздин эки башка жашап жатканыбызды билбейт. Күйөөмдүн ушундай акча үчүн баарына даяр төмөн адам экенин билбептирмин.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *