Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жана алардын туугандарынын 2020-жылдагы кирешеси менен чыгашасы тууралуу декларация жарыялады.
Артем Новиков биринчи вице-премьер-министр кызматын 2020-жылдын октябрынан тарта 2021-жылдын майына чейин аркалаган. 2020-жылдагы декларациядагы маалымат боюнча, анын кирешеси 952 миң 111 сомду түзгөн.
Ал ээлик кылган каражаттар — эмеректер (300 миң сомдук), турмуш-тиричилик техникасы (300 миң сомдук), компьютердик техника (95 миң сомдук), акча каражаты (1,7 млн сом).
Ал эми туугандарына тиешелүү «Тойота Приус» үлгүсүндөгү автоунаа бар экени жазылган.