Пт. Янв 21st, 2022

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараевге козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу  өздүк булактар билдирди.

Мурдагы чиновникке КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча айып тагылганы такталган.

Бул ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат. Дүйшөнбек Чоткараев үй камагында. Буга чейин ден соолугуна байланыштуу мындай өтүнүчтү тергөө сотко берген.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев алтын аткезчилигине шектелип келген. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал аткезчилик менен кармалган адамдарды мыйзамсыз бошотуу жана конфискацияланган зер буюмдарын чыгаруу менен алектенген. Чоткараев менен бирге бул ишке УКМКнын дагы бир экс-орун басары Болот Сүйүмбаевдин тиешеси бар экени такталган, бирок ал азырынча издөөдө.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *