Назира Айтбекова: “Бабник”, “ Катынсаак” эркектер кайдан чыгат?

Мындай пикирин алып баруучу, актриса Назира Айтбекова жеке фейсбук баракчасына жазды:

“Бабник”, “ Катынсаак” эркектер кайдан чыгат?
Сонун аялы турса деле улам бирин шимшилеп, жаңысын издеп турат го!
Көрсө, психологияда мунун бир нече себептери бар экен. Психологиялык жактан көйгөйү барлар гана “Бабник” болушаарын психологдор айтышат.
Апасы кичинекейинде көбүрөөк басмырлап, төпөштөп, көңүлүн оорутуп койгондо, аң сезиминин тереңинде өч алуу максатында көрүнгөн аялды колдонуп, таштай берет экен.
Апасы атасын башкарып, такасынын алдында кармап, өпкөсүн үзүп турганда баланын көңүлү үй бүлөөдөн укмуш калат экен да, ушундай аялга жолугуп калбаш үчүн бир аялга байлангандан коркот. Көрүнгөн аялды чимирип жүрө берет.
Аялынын өлүмүнө себепкер болуп калган учурда да , өзүн күнөөлүү сезип, башка аялга түбөлүктүү баш байлай албай, күнүмдүк көңүлдөш болгонду тандап алган учурлар да болгон экен.
Бир аял эркектин шагын сындырып, тебелеп кеткен учурда да аң сезиминин тереңинде андан өч алуу үчүн көрүнгөн аялдын көңүлүн тебелейт дешет.
Билесизби, жашоомдо эң көп эркек дос күттүм. Ар биринин бирөөнү сүйүп калып, бырылдап ыйлаганын көрдүм. Далай уктум. Досу болсоң айла жок угасың. Белек тандаштым. Далай сүйүүгө күбө болдум.
Эгерде эркектин психологиялык жактан көйгөйү жок болсо, ал бир аялды ушундай катуу жана түбөлүктүү сүйө алат! Алар аялдан да туруктуу боло алат! Ал эми аялдын сүйүүсү аларга караганда андай деле бекем эмес. Бизге укмуштуудай камкордук көргөзүп, көзүбүз мн тең айланып, көңүлүбүздү алганды билсе, ал адамды акырындык мн сүйө баштайбыз. Ал эми эркектин көңүлүн миң сонун тамак жасап, балекет аял болсоң да мурунку махабатын унуттуруш мүмкүн эмес!

Add your comment

Your email address will not be published.