Күйөөмдүн карызын төлөй берип тажадым, эмне кылсам оңолот?

Күйөөм таң атпай кетип кечинде түнку саат бирде келет. Дайыма чарчап келчү. Иштеп жатам деп эле айта берет. Кээде жумалап командировкага кетет. Кээде айлыгым деп акча алып келип берчү. Бирок акыркы күндөрү артынан карыз доолап келгендер көбөйдү. Анын тапканына өзүмдүн тапканымды кошуп карыз төлөй берип тажадым. Карызды эмнеге алып жатасын деп сурасам эле уруш чыгат. Ортодо уулумду аяп көбүнө көзүмдү жуумп жашап жатам. Эмне кылсам күйөөмдү карызы жок иштегенге багыт берем.

Add your comment

Your email address will not be published.