Күйөөм арак ичкен сайын мени окутуп алгансың деп ура берет

Күйөөм акыркы кездерде аракка көп берилип кетти. Ичип келген күндөрү үйдө тынчтык жок. Мени окутуп албаганда мен башка менен бактылуу болот элем деп урат. Он жети жыл мурун күйөөм курбу кызымдын жигити болучу. Курбума келгенде андан кызганып, акыры экөөну уруштуруп турмушка чыгып алгам. Курбум менен сүйлөшүп жүргөндө далай көзү ачыкка барып аны мага буруп берүүсун суранчумун, бирок көбү мени шылдындап күлүшкөн эле. Арасынан бир аял  жети күн күйөөмдүн сурөтун окуп берген. Ошондо да кийин сага өтө оор болот дуба көпкө тура бербейт ал сага кайтат деген болусчу. Жаштык кылып баарына маани берген эмесмин. Эми күйөөм менен ажырашууга канча аракет кылсам да болбой жатат. Ал мени кое бербейт. Акыры анын колунан өлүп каламбы деп корком. Дубаны жандыртса болобу?

Add your comment

Your email address will not be published.