Эркин Тентишев менен Айбек Жунушалиев бийликтин беделин көтөрө алышпайт

Өзгөчө Чүй облусунда, Бишкек шаарында шайлоочулар активдүүлүгүн көрсөтүшкөн жок. Буга бир канча себептер бар. Элдин шайлоолордон көңүлү калганы, татыктуу, тыңчыкма талапкерлердин Сары Өзөндөн чыкпаганы, айрым белдүү саясатчылар “көшөгө артында” калганы божомолдонот… А эң башкысы, Чүй облусунун губернатору Эркин Тентишев менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин эл астында кадыр-баркы жоктугу, жадагалса белгисиздер экени себеп эмеспи? Экөөнүн көзгө көрүнүктүү ишмердигин айта албайбыз. Бийликти алга сүрөө үчүн кандай салымдарды кошуп атышат? Билбейбиз. “Чүйлүк” деп эле жогорку кызматка көтөрө бербей, иштей турган кадрларды, асыресе, коомчулукка белгилүү, популярдуу саясатчы, тажрыйбалуу жетекчилерди дайындаса болбойбу? Азыр да кеч эмес. Экөөнү тең кетирип, бийликтин аброюн жогорулата турган, элге жакын адамдарды дайындасак…

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.