Балким түшүмө маани бергенде өлбөй калат белең?

Албетте, кандай гана адам болбосун уктаганда сөзсүз түш көрөт эмеспи. Кээси ойгонгондо түшүн эстей албай калат, ал эми кээси болсо уктап жатканда көргөн түшүн эртеси күнү ойгонгондо чыпчыргасын коротпой айтып бере алат. А мен болсо азыр эле көрүп аткан түшүмдү дароо ойгонуп бир нерсеге алаксып кетсем, жакшы эстей албай калмай жайым бар.
Анча-мынчасын гана эстеп калам.
Менин бир жолку көргөн түшүмдү азыркыга чейин унута албай жүрөгүмө сакталып калды. Ошол тү-шүмдү эстеген сайын азыр дагы жаман акыбалда боло берем. Эгерде ошол түшүмө маани бергенимде, балким бир кишинин өмүрүн сактап калат белем? Балким, Кудайым өзү аян берген чыгар деп да ойлоп кетем. Мунун баарына өзүм күнөөлүүдөй сезе берем. Бул окуя тээ
илгери союз катуу күчүне кирип турган сексен экинчи жылдары болгон. Мен анда армияда үч жыл кызмат етөп үйгө кайтып келип, чабан болуп иштеген атама жардамдашып жүргөм. Мен жаңы жылдын алдында кайтып келгем үйгө. Атамдар сарайда турушчу. Кыштын эң эле кычырап турган чилде мезгили болчу. Негизинен эле Кыргызстандын башка аймактарына
салыштырмалуу биздин чөлкөмдө кышкысын суук катуу болот. Анткени абасы да бийик, тоого да жакын жашайбыз. Бул мезгилде көпчүлүгүбүз тон, ичик, жылуу купайкелерди кийип
жүрөбүз. Антпесек кышкысын кыйналып калабыз. Согум союп, согум менен чыкпасак, катуу суукта жашоо дагы оорураак болуп ка- лат. Ал мезгилде Өкмөт болсо чабандарды жылуу кийим менен, отун, көмүр менен жакшы камсыздандырып тургандыктан, аларга кыштын суугу анча деле сезилбейт Отту дүркүрөтө жагып коюп, согумдун этинен жеп жата бересиң. Азыркы
малчыларда болсо андай акыбал жок.
Ошол күнү жылкынын этин салып жеп, беш бармак жасап бир топ эле кеч жатканбыз. Сарайдагы биз жашаган, Өкмөт салып берген үй үч бөлмөлүү. Эки чоң бөлмөнү ортодогу коридор бөлүп турат. Ошол мезгилде сарайдагы бардык чабандардын үйлөрү ушундай болуп бирдей проектиде салынган. Атам, апамдар тигил бөлмөдө жатышат, мен болсо иним экөөбүз берки бөлмөдө жатабыз. Эмнегедир уйкум келбей көпкө ары оодарылып, бери оодарылып чабалактап жаттым. Иним болсо коңурукту кош тартып эбакта эле уйкуга кеткен болчу. Анын

уйкусу ушунчалык катуу дейсиң, бөлмө ичинде бакырып сүйлөшсөң дагы же музыканын даңылдатып койсоң дагы сезбей уктай берет. Тамашалап анын уйкусун бузгум келди, узун жип алып анын бетин ары-бери сүргүлөдүм, бети-башын анча-мынча кыймылдатып эле койгону болбосо, эч нерсени сезбей уктай берди. Акыры тажа-ганда өзүм дагы уйкуга кеттим.
Түшүмдү дароо эле унутуп эстей албай калчумун деп башында айтпадымбы, бул жолку көргөн түшүм болсо түбөлүккө унутулбай эсте калды. Түшүмдө сыртта борошолоп кар уруп, катуу шамал болуп атыптыр. Тим эле көз ачырбайт. Иним экөөбүз катуу бороондо жөө жолдо келе жатыптырбыз. Экөөбүз тең үйдү таппай адашып жү-рөбүз. Аңгыча апыстан иттин үргөнү угулду, дароо эле ошол жакка багыт алдык, иттин үргөн добушу улам бизден алыстап кетет, кайрадан үрүп калат. Жакын эле жерден «жардам бергиле, карга көмүлүп калмай болдум!» деп кыйкырган бирөөнүн добушу угулду. Токтой калып карасак, бир киши карга көмүлүп калып, бизге жалдырай колун суна тырмалаңдап жанталаша кардан чыга албай жатат. Иним экөөбүз
ага жардам бермекчи болуп, колубузду суна өзүбүздү карай тартып келатканда, колубуз чыгып кетип, ал бакырган боюнча кайра карга сүңгүп кирип кетти. Кыйкырыктан чочуп
оигонуп кеггим, түшүм экенин билип, кичине эс ала түштүм. Сыртта ит арсылдап үрүп жатыптыр, анын кээде түнкүсүн ушинтип үрмөй адаты бар. Инимди карасам, эч нерсени
сезбей уктап жатат. Ары карай оодарыла чүмкөнүп жаттым.
Кайра эле ошол түш уланып кетти, алиги киши кардан жанталаша өйдө карай чыгып келатып эле кайра төмөн карай туңгуюкка сыйгаланып кирип кетет. Анын ачуу чаңырыгынан чочуп ойгонуп кеттим. Ит дале жаагын баспай үрүп жатыптыр. Ал үн эмнегедир өңүмдө кыйкыргансып кегги. Өңүмдебү, түшүмдөбү ажырата албай бир аз сырт жакты тыңшап жаттым. Чын эле сыртта да кар жаап борошолоп уруп атыптыр. Борошолоп шамалдын улуганы адамдын
уңулдап кыйкырган үнүнө окшошуп кетип атгы.
Үчүнчү көргөн түшүмдө болсо, бурганактаган кара куюн болуп чимириле алиги адамды арыбери чимирилтип учуруп жүрөт. Ал болсо болгон күчү менен бакыра бизден жардам сурап жатат. Анын ачуу кыйкырыгынан ойгонуп кеттим да, көпкө уктай албай жаттым. Ошол

кыйкырык үн өңүмдө да кулагымда жаңырып атты. Эки кулагымды жаба катуу чүмкөндүм да
ошол боюнча уйкуга кеттим.
Эртең менен атам мени ойготту. — Уулум, тур өйдө. сарайдан анча алыс эмес жерде бейтааныш адам тоңуп өлүп калыптыр. Айылдагыларга кабарлаш керек, баса айтмакчы, түндө эч кандай кыйкырган добушту уккан жок белең? Мен эмне деп айтаарымды билбей, унчукпай туруп калдым. Иним айылга ат чаап барып бир топ кишилерди ээрчитип келди. Каза болуп тоңуп калган киши кошуна айылдан болот экен. Арабыздан бирөө аны тааныды. Кошуна айылга ат чаптырып кабарладык, ал жактан машине менен келишип өлүктү алып кетишти. Ал киши
биздин айылдан күндүзү ичип, түн ичинде мас болуп чыгып жолдон атынан ооп түшүп, үйүнө жете албай калганын билип катуу бороондо адашып калса керек. Анан тээ алыста биздин үйдүн жарыгын көрө ошол жакты көздөй кадам таштаса керек, Үйгө эки жүз кадамдай жетпей калыптыр. Менин түшүм жөн түш эмес экен да. Эгерде ошондо түшүмө маани бер-геңде, балким ал киши аман калат беле? Анын үстүнө түшүмдөгү кыйкырык, менин өңүмдөгү
кыйкырыкты ажырата албай калбадымбы. Кудайым өзү кечире көр, буга да мен күнөөлүүмүн.
Нарын областы, Ат-Башы району
Булак: «Шамбала»

Add your comment

Your email address will not be published.