Акча сурсам эле күйөөмдүн маанайы бузулат. Эмне кылсам?

Cаламатсызбы сураныч чыгарып бериңизчи. Күйөөм менен жашаганыма 3 жыл болду, 1 балабыз бар. Күйөөмдүн айлыгы 30 000 сом. Мен иштебейм балам кичинекей, баса элек. Памперс керектүүлөрдү алып берет. Күйөөмдөн 3 күндө бир 100 сом же 200 сом сурайм, маанайы бузулуп, сүйлөнүп какшанып атып берет, унчукпай ала берем, түгөнсө сурай берем жаман көрсө да, негизи күйөөмдүн айтуусу боюнча үйгө баарын алып келсе да кээде акча сурап койгонум туура эмеспи? Аноним

Add your comment

Your email address will not be published.