Вт. Янв 25th, 2022

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылы пенсионердин жашоо минимуму 4 785,4 сомду түзгөн. Учурда Кыргызстанда 700 миң пенсионер жашайт.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев республикадагы пенсиянын көлөмү боюнча оюн айтты.

Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Алиевге «Кыргызстандагы пенсиянын аздыгына уяласызбы» деген суроо узатылды.

«Биздеги мындай пенсия үчүн уялам», — деп жооп берди Алиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда минималдык пенсия 1 500 сом. Аны 40 миңдей кыргызстандык алат. Бийликтин маалыматы боюнча өлкөдөгү пенсиянын орточо көлөмү 6 248 сомду түзөт.

Кыргызстандагы эң көп пенсия 179 миң сом. Мындай акчаны бир эле киши алат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өткөн жылы пенсионердин жашоо минимуму 4 785,4 сомду түзгөн. Учурда Кыргызстанда 700 миң пенсионер жашайт.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *