Мадумаровдун парламентке келиши элдик толкундоого себепкер болушу мүмкүн

Парламенттик шайлоо акырындык менен жыйынтыкталып калды. Өткөн партиялардын арасында «Бүтүн Кыргызстан» да бар.
Бирок ошол партиянын парламентке келиши меңдеген элдердин жүрөгүн түпөйүл кылып жатат. Анткени ал партия менен Адахан Мадумаров келатат.
Өзү эле келсе мейли эле го, ал өзү менен кылмыштуу иштерди, булганыч кара тактуу тарыхын кошо алып келе жатат.
Ал кишини баары мыйзам алдында кылган иштерине жооп берет деп күтүп жатышкан болчу. Эми минтип Жогорку Кеңешке келе жатат. Анын артында Каркыра жайлоосунун берилиши, Ысык-Көлдөгү пансионаттар, Маймак, Кордой, Баткендеги чегара аймагы сыяктуу былык иштери кошо келет эми. Калайык калк аны кылган иштерине жооп берээр күнү бардыр мунун да деп күтүшкөн.
Адахан Мадумаровдун парламентке келиши элдик толкундоону алып келиши мүмкүн. Элдин бийликке болгон ишеними да кетет, кылмышкер түрмөгө отуруунун ордуна депутат болгону жатса…

 

Токсонбай Мамбеткулов

 

Add your comment

Your email address will not be published.