Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтып келүүгө аракеттенүүдө. Элибиз кечирбейт!

Качып кеткен Курманбек Бакиев соцтармакка кат жазып, Убактылуу өкмөттү жамандап, өзүн апакай көрсөтүүгө жан үрөптүр. Таңгаласың. Бир жылдан бери булардын үй-бүлөсү жанданып, Кыргызстанга кайтып келүүнүн айла-амалдарын издеп келишет. Кээде токолдору кирип-чыгып калышканы боюнча кептер тарап, сүрөттөрү чыга калганы кандай? А баса, Жаныш Бакиев улам утурлап, Алматыда жатканы боюнча гезиттин өткөн санында коңгуроо какканбыз. Негизи элибиздин кыжырына тийүүнүн канчалык зарылчылыгы бар? Булар баш көтөргөн сайын бийликтин беделине да сокку урулууда. А кайтып келишкенин элестетип көргүлөчү?.. Эсибизде, Курманбек Бакиевдин режими тушундагы ондогон буюртма өлтүрүүлөр, Каркыра баштаган жерлерибиздин коңшу өлкөлөргө берилиши, Максим Бакиевдин ЦАРИИ деген кошумча өкмөттү түзгөнү, экинчи ханга айланганын унуттукпу? Салыктарды, тарифтерди көтөрүү менен элдин жонунан “кайыш тилишип”, дал ушунун натыйжасында нааразычылыктар жаралып, саясый куугунтуктар чектен ашып, акыры 2010-жылдагы 7-апрель окуясына туш болгонбуз. 90 бала атылып, Ала-Тоо аянтынын канга боёлгонучу? Анан кантип Курманбек Бакиев жана үй-бүлөсү, бир туугандары мекенибизге кайтышат? Жер эне, элибиз кечирбейт эй!

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.