Эльвира Сурабалдиева: Атамдын ишин улантуу үчүн депутаттыкка аттанам

Экс-депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май шайлоо округунан шайлоого аттана турганын «Маралга» радосуна берген маегинде билдирди. Эльвира айым:

«Парламенттеги айымдардын саны 15тен ашпайт деп айтып калышты. Мен үчүн бул абдан өкүнүчтүү. Жадагалса кээ бир коллегаларым: «Бир мандаттуу округдан аялдар өтпөйт, канчалык акылдуу болсоң да, патриот болсоң да эптеп шым кийген эркек болсо, сени утуп кетет», — дешкен. Мен үчүн бул аябай намыстана турган нерсе болду. Эмне үчүн биз кыйын убакта иштей алат экенбиз да, бийлик бөлүштүрө келгенде айымдарды четтетип коюшат?! Ошол үчүн айымдардын намысын коргоо жана атамдын ишин улантуу үчүн шайлоого аттанууну чечтим», — деп айткан.

Add your comment

Your email address will not be published.