Рак оорусунан жабыркаган эркек аялын ойношу менен төшөктөн кармап алган

Залалдуу шишик оорусуна кабылган эркек аялын ойношу менен кармап калган. Бул тууралуу  Daily Mirror агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта, залалдуу шишик оорусунун төртүнчү стадиясына кабылган британиялык Уэльс Том Гаррод жакындары өлүмгө даярданганы менен ооруга багынгысы келген эмес. Ал дарыгерден оорусунун жыйынтыгын угар менен дарыланууга өтөт. Катарлаш химиятерапия  алып, тынымсыз дарыгердин кароосунда бир топ убакыт болот. Бул учурда аялы эртели кечи жолдошу өлө турганына ишенип, кийинки жашоосундагы бакытын түзүүгө кам көрө баштаган. Ал аялын келбей калганынан сарсанаа болуп дарыгерден суранып үйүнө келет. Аялына кубаныч тартуулоо үчун эшикти акырын ачып кирип, төшөгүндө аялы башка эркек менен кучакташып жатканын көрөт. Бул алардын үй-бүлөлүк жашоосунун акыркы мүнөттөрү болгон. Аялы актанууга да аракет кылбасбан рак оорусунан эч ким тирүү калбаганын айтып, болгону ал өлгөндөн кийин жалгыз калуудан коркуп экинчи жолу келген бактысын кармоого аракет кылып жатканын билдирген. Аялы бир саатын аралыгында кийимдерин жыйнап сүйүктүүсу менен чыгып кеткен. Өзү ишенбеген өлүмгө жашоодогу жакын деп эсептеген аялы ишенгенине ызаланган Уэльс Том депрессияга берилип, оору менен алышуудан да баш тарткан. Качан дарыгери бул оорудан эрктүүлөр гана кутула турганын айтып колдоо көрсөтө баштаган. Көп өтпөй рак оорусун толугу менен женгенге жетишкен.

Add your comment

Your email address will not be published.