Жол кырсыгынан төрт жаран жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Бишкек-Нарын – Торугарт жолунан жол кырсыгы катталган. Анда 2 декабрь күнү кечки саат тогуз чамасында
КамАЗ оор жүк тартуучу унаа менен Toyota Nadia үлгүсүндөгү жеңил унаа кагылышып кеткен. Кырсыктан төрт жаран жабыр тартып, алардын үчөө аял, бири эркек адам болгон. Жабырлануучулардын бири 28 жаштагы жаран оор абалда ооруканага жаткырылды.