Кайненем акча сураганча уулун аяп койсо эмне

Жолдошум экөөбүз Сургутта иштейбиз. Ал жердин шарты катаал. Бир кызымды апам багат. Сууктун күнүндө ооруганыбызга карабай иштейбиз. Кайненем болсо ай сайын чалганда эле акча сурайт. Бирде тойго барганга кийми жок калат. Бирде кайынсиңдимдин баласынын бут кийими жок болуп калат. Айтор тапкан акчабызды жыйнай албай эле тынымсыз Кыргызстанга салам. Жок дегенде кайненем уулун аяп башка балдарынын жыртык тешигин бизге бүтөтпөй эле койсо деп кетем. Күйөөм катуу суукта бутум ооруйт деп калат. Кыргызстанга кетели дейин десем ал жакта жумушубуз болбой калса кайненем бизге күн көрсөтпөйт. Окуп калган кайненелер баланардан акча сурардан мурун акчаны кантип таап жатат деп бир ойлонуп койгулачы дегим келет.

Add your comment

Your email address will not be published.