Пт. Янв 21st, 2022

Баш аягы жок чаташкан оюн…
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча парламентке бараткан айтылуу саясий партия утулуп жаткан, ушул жерден партиянын лидери баарын будамайлап башка нукка буруп, өзүн кордолгон киши көрсөткүсү келип жатат. Буга кошул ташыл кылып өзүнө болгон кол салууга да бийликти күнөөлөй баштады. Бул бир эле убакытта бийликке ультиматум коюу жана БШК БАС бузулушу менен шайлоонун жыйынтыгына болгон кине. Бул учурда бийликке болгон нааразычылыкты күчөтүүгө жан үрөп жатышат.
Ошондой тажрыйбалуу партия лидерлеринин бири, бийликтин белгилүү атаандашы Өмүрбек Текебаев мындай өзүнө кол салууну өзү уюштуруп коюшу толук мүмкүн. Ишендирүү үчүн денесине бир аз жаракат да келтирип коёт, ал буга жөндөмдүү. Гайдайдын «Бриллиант кол» деген комедиясындагы белгилүү персонаж айткандай «сен кылмыш кылган жериңде бети башың кан болуп кала бересиң». Саясатчынын дайыма турган жерин көрсөтүп туруучу уурдалган телефону ошол чаташкан оюндун айрып алгыс бир бөлүгү. Дароо эле күнөөнү УКМК жүктөөгө даярдалган сценарий.
Кыскасы, жакшы ойлонуштурулган. Бирок аткаруу жагынан бир аз аксап калышкан. Бул жөнөкөй эле көчөдөгү элдер тартып алган кадрдан да көрүнүп турат. Мындай провакация элди бийликке кайроо максатында жасалат. Бул саясий күрөштө колдонулчу ыкма «казус белли» деп аталат. Тилекке каршы бул нерсе кээде ишке ашып да кетет. Бардык үмүт ошол жердеги топтошкон элдин психологиясында болот. Андай учурда мисалы «ууруну карма» деп кыйкырып коюу жетиштүү. Калган ишти топураган масса өзү кылат. Кыйды саясатчы муну билбей коюшу мүмкүн эмес. А тиги ойногон кишиси албетте алат булардан.

Касымбек Жумаев

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *