Вт. Янв 25th, 2022

Ырчы Бек Борбиев болуп өткөн шайлоого  өзүнүн пикирин билдирди. “Эртең кайра шайлоо болсо деле, жыйынтыгы дал ушундай болот Элибиз дагы деле кара курсактын, тууган жердешчиликтин деңгээлинен көтөрүлө элек экен. Жарымынан көбү эртеңкиге ишенбейт, кайдыгер, шайлоого сүйрөсөң да басып келбейт Мен шайлоого талапкер болуп катышкан адам катары өз оюмду айтып коюну туура көрдүм. Шайлоо кандай өттү? Эл акыркы мүнөттөргө чейин, баары бир акча бересиңер да деген таризде көгөрүп күтүп олтурду. Мен бере алган жокмун. Кээ бир талапкерлер агитатор деген атка жамынып, берип жатат, сен дагы ошенткин дешти, андай кылганга да каражатым жок эле. Көнгөн адат калабы демекчи, кээ бир админ ресурс өкүлдөрү тымызын иштеп тиги же бу талапкерлердин камчысын чаап атат дегендерди угуп аттык. Бирок далилдүү шайлоо бүткөн соң гана жыйынтыктан билип отурабыз. Бирок, достор, акыйкатта мурдагыдай башаламан акча таратуу, мугалим, врачтарды тизме котортуп алдыңа салып иштеткендер болгон жок. Бул шайлоону ушул жеңиштери менен эстеп калаарыбызга шек жок. Бир кадам алдыга болсо да, жылдык Мен өзүм ойдогудай добуш албай калдым. Адам өзүнүн салмагын ушинтип кээде билип жүрүш керек. Жигит буга сынып калбай, тескерисинче чыйралыш керек деп түшүнөм. Демек, коомго мендей адамдар анча деле зарыл эмес, а кандай адамдар керек экени шайлоонун жыйынтыгы көрсөттү Мен шайлоонун эртеси, эки доско акча таркатууну тыйып, админ ресурсту толугу менен тыя албадыңар деп пост жаздым эле. Бирок ал жазганымды кээ бир саясий күчтөр өз кызыкчылыгына колдонуп, айгай салып баратканынан алып салдым. Анткени мен төңкөрүш баш аламандыкка каршымын. Азыркы бийлик колунан келишинче таза өткөргөнгө аракетин жасады, көрүп турдук, кудай күбө Мен дагы оппозиционер болуп кетмекмин, эгерде азыр бийликте турган жигиттерден башка эл үчүн жакшы «вариантты» көрүп турсам. Жеке пикиримде андайлар жок. Бирок буларды аңтара чабабыз деп аткандар кыргызга пайдасынан зыяны көп болгонун баарыбыз билебиз. Андыктан мен өзүмдүн амбицияларымды тизгиндеп, тескерисинче азыркы бийликти колдоп туруу — жаран катары милдетим деп билем. Кумтөрдү элге алып берген адамдарды жамандап, Кумтөрдүн акчаларын 30 жыл жеген адамдарды колдой албайм.!-деп инстаграм баракчасына жазды.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *