Аскар Бешимов Каркыранын казактарга өтүшүнө өбөлгө түздү беле?

2007-жылы Аскар Бешимов тышкы иштер министринин орун басары болуп туруп, Каркыраны ратификация кылганга документтерди даярдаганы, Казакстанга өтүшүнө өбөлгө түзгөнү ыраспы? Бул боюнча чогуу иштеген кесиптештери каңкуулашууда. Агездеги орус тилдүү министр Эднан Карабаев депутаттар менен сүйлөшүүгө, көндүрүүгө шаасы келбей, орун басары тил тапкычтык кылганбы? Кызыгы, Аскар Бешимов учурда президенттик аппаратта жооптуу кызматты аркалап отурат. Биз койгон жогорудагы соболдор толук кандуу ачыкталып, бүгүнкү бийлик көмүскөдөгү түйүндү чечсе, кыйла кыңыр иштин бети ачылат эле го? Анда Аскар Бешимов кызматтан эле алынбай, чоң жоопкерчиликти мойну менен тартып калабы? Күтө туралы.

«Азия Ньюс» гезити

Add your comment

Your email address will not be published.