15 жаштагы кызды мас кылып зордуктаган жаран эркиндикте жүрөт

Жакында эле Ысык-Көл облусунда 15 жаштагы өспүрүм  31 жаштагы Р.Я. аттуу адамдан көз жарган. Бирок жаран жооп берүүнун ордуна эркиндикте журөт дейт жабырлануучунун апасы Нина Коваль.  Бул тууралу ужергиликтүү басылмалар жарыялап чыгышты.

Маалыматта, апасы кызынын тагдырына балта чапкан адам мас абалында ээн эркин жүргөнүн билдирип сот адилеттүү карабай жатканын арызданган. Анын айтымында, февраль айында эркек киши кызына ичимдик ичирип мас кылып, кошуна айылдагы мейманканага алып барып, жыныстык катнашка барган. Эки жума мурун аймактык ооруканада көз жарган.

«Кызымдын боюнда бар экенин билгенден кийин милицияга арыз жаздым. Арыздын негизинде Р.Я  аттуу адам кармалып, андан кийин сот аны эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен кое берген. Кызга суусундук берип, анын айласыз абалынан пайдаланган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, бирок айыпталуучу сотко келбей жатат. Юрист Р.Я. кардарынын ооруп калгандыгы тууралуу справкаларды сотко тапшырат, бирок бул учурда ал киши ичип алып, айыл аралап, тынч жүрүшөт. Айыпталуучу жана анын жакындары жаңы төрөлгөн баланын жашоосуна эч кандай катышпайт, эч кандай жардам беришпейт. Тогуз айда Ысык-Көл райондук сотунда каралганы менен эч кандай чечим чыкпай келет, — деди Нина Коваль.

Ошондой эле  жаңы төрөлгөн балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилбей жатканы жана камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдары жаш энеге бир да жолу келбегенин баса белгилеген. 

Add your comment

Your email address will not be published.