Жылдын мыкты спортчулары сыйланды

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жылдын мыкты спортчулары сыйланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Иш-чарага КР статс-катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.

Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Sports Awards — 2021 сыйлыгынын негиздөөчүсү «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортунун отличниги» наамы менен сыйланды. Эверест чокусун багынткан Эдуард Кубатовго «Атайын сыйлык» ыйгарылды. “Мыкты меценат” сыйлыгын көп жылдар бою Улуттук олимпиада комитетин (УКК) жана Күрөш федерациясын жетектеген ишкер Шаршенбек Абдыкеримов алды.

Жылдын мыкты спортчулары деп грек-рим күрөшү боюнча Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээлери Акжол Махмудов жана эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова табылды.

Ошондой эле спортчулардын мыкты машыктыруучулары, улакчылар жана меценаттар сыйланышты.

Иш-чаранын ачылышында Сүйүнбек Касмамбетов эл аралык мелдештерге Кыргызстандын атынан катышып жаткан спортчуларга ыраазычылык билдирди. Ал республиканы көптөгөн спортчулар, анын ичинде оор атлетчи Каныбек Осмоналиев, мушкер Орзубек Назаров даңктаганын баса белгиледи. Ал эми бир эле жылдын ичинде ата мекендик спортчулар спорттун ар кандай түрлөрү боюнча 400 медаль жеңип алышканын эске салды.

Add your comment

Your email address will not be published.