Вт. Янв 25th, 2022

Таптакыр жок эле үйлөрдү ижарага берип жургөн аял кармалды. Бул тууралуу Polisia.kz сайты жазып чыкты.

Маалыматта, базар баасынан батирлерди ижара берген аял кармалган. Тергөө учурунда «Кардарлар менен жолугуп, ижара келишимин түздүм.Ошол эле учурда мен аларды  оңдоп-түзөө иштеринен улам жаңы үйдү азырынча көргөзө албай турганымды. Бир жуманын ичинде капиталдык ремонт бүтөт. Ошол замат көчүп келе беришин айткам. Алар менин сөзүмө ишеништи. Төлөмду толугу менен төлөп,  келишим кагазын толтуруштук. Акча колума тийгенден кийин телефон номеримди өчуруп алар менен байланышка чыкканымды токтоттум. “-деп күнөөсүн мойнуна алган. Аял ушундай батирди арзан берүү менен 9 ашуун жаранды алдап акчасын чөнтөгунө салып кеткен. Жалпысынан 500 мин тенгеден ашуун зыян келтирген. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган адамга карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *