Жер төлөдөн чыккан өрт түтүнүнө бир аял уугуп калган

Турак үйдөн өрт чыгып, түтүнгө бир аял уугуп калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Маалыматта, кырсык Көк-Жар айылында катталган. 

«Саат 9.47де Бишкек шаарынын Октябрь районунун Көк-Жар айылындагы Арстанбап көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыгып, анын кесепетинен 24 жаштагы аял жабыркаган. Ал көмүр кычкыл газына ууланып, ооруканага жеткирилди», — дейт билдирүүдө. Өрт саат 10.56 чамасында башталып,  саат 12.05те толугу менен өчүрүлгөн. 2 тонна көмүр, 3 куб отун, 5 кап картошка күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Add your comment

Your email address will not be published.