WhatsAppта бала уурдалып, ички органы сатылып жаткан жалган маалыматты тараткан

WhatsApp мессенжери аркылуу Сузак районунун аймагында массалык түрдө балдар уурдалып жатат деген үн жаздыруу тараган. Көп өтпөй  Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы аудио боюнча териштирүү жүргүзүп, аудиону тараткан Сузщай районунун 67 жаштагы жашоочусу болуп чыккан. Ал неберелерин коркутуу максатында  WhatsApp мессенжери аркылуу жалган маалыматты өзүнүн уулуна жөнөткөндүгүн, ал небересине жөнөтүп, небереси башка тайпаларга бөлүшүп жибергендигин, жасаган ишине өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан кечирим сурады.
Эскерте кетсек,  белгисиз аял жалаң 3-4-5-класстын окуучулары уурдалып жатканын айтат. «Жаңылык! Биз жакта балдар уурдалып жатат. Сузакта кечинде дагы 2 бала уурдалыптыр. Ошол менен бешөө, бешөөнүн ичинен төртөө дайынсыз. Бирөө Кызыл-Байрак, Благовещенканын адырынын түбүнөн ичин жарып, ички органдарын алып кетти. Жүрөк, бөйрөк ушуларын алып кетиптир. Ошол жерден өлүгү табылыптыр. Калгандарын таппай жатышат. Ошко чейин издеп барышты. 2 аял уурдап жатыптыр. Сүрөтү менен чыкты. Мен сабак берген класстан 1 окуучу жок. Биринчи ошол жоголду. Анан калгандары жоголду. «Айбек» мектебинен 1 баланы көтөрүп качып бараткан жеринен элдер көрүп калып кыйкырып, машинасына жетейин дегенде таштап коюп качып кетип калыптыр. Жалаң 3-4-5-класстын балдары уурдалып жатат», — деп айтылган.

Add your comment

Your email address will not be published.