«Менин пицца жегип келип жатат»-деп тамак даярдоочуларга автомат такаган

Бир пицца  жеш үчүн буйрутма берип күтүүдөн тажаган кардар АК-47 автоматын тамак даярдоочуларга такап, өлтүрөрүн айткан. Бул тууралуу Лента.ру агенттиги чет элдик акбарларга шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматта, ноябрдын ортосунда 63 жаштагы Чарльз Дуглас Доти жергиликтүү мекемеден пепперони пиццасына заказ берген. Ал киши жумушчулардан заказды даярдоого канча убакыт кетээрин сурайт. Күтүү убактысы он мүнөттөй экенин айтышканда, ал күлүп, нан таякчаларын алып келүүнү талап кылып, анан пиццериядан чыгып кеткен.

Бир нече мүнөттөн кийин ал Калашников автоматы менен куралданып кайтып келген. Ошол күнү кечинде иштеген мурдагы кызматкер Кимберли Мурреллдин айтымында, Доти кичүүсү ага тапанча такап, атып салам деп коркутуп: “Менин пиццам кайда? Мен пицца жегим келип жатат!»-деп кыйкыра баштаган.

«Мен чындап коркуп кеттим жана мунун баары 6 долларлык пиццага байланыштуу экенине ишене албадым» деди Муррелл. Ал кошумчалагандай, дагы бир кардар америкалыкка аны тынчтандыруу үчүн пиццасын бергиси келген, бирок бул да чырды чечкен эмес.

Жумушчулардын бири куткаруу кызматын чакырууга үлгүргөн. Полиция окуя болгон жерге келгенде, кичи Доти пиццериядан чыгып кеткен. Бирок көп өтпөй ал кармалып, камакка алынган. Кийин сурак учурунда буга чейин табышмак болуп калган төрт кылмыш иши жана бир оор кылмыш иши боюнча айып тагылган.

Add your comment

Your email address will not be published.