Күйөөмдүн токолу мени жашаган үйүмдөн чык деп жатат

Күйөөм он эки жылдан бери питерге барып келип иштейт. Кыргызстандан ал жакка товар алып кетет. Көбүнчө бизден тигилген кийимдерди алып кетет.  Жашоом жакшы балдарым бар. Улуу кызым студент. Күйөөм ал жактан да аял алып алыптыр. Коронавирус болуп чек аралар жабылбаганда мен эч нерсе билбей журуп өтуп кетмек окшойм. Күйөөм бул жакка келгенде чек аралар жабылып кайра кете албай калган. Ошондо менин ватцабына белгисиз номерден бир аял жазып калды. Көрсө ал күйөөмдүн экинчи аялы экен. Андан эки балалуу болуптур. Жада калса ал жактан да күйөөм нике кагазын алууга жетишиптир. Ошондон тартып биздин үйдүн тынчыгы бузулду. Берки аялы болсо жакында Бишкекке учуп барам үйду бошотуп чыгып кеткиле дейт. Күйөөм болсо ага да жарымын бересиң деп жатат. Эмне кылаарымды билбей калдым.

Add your comment

Your email address will not be published.