Клара Сооронкулова: «Өмүрбек Чиркешовичке чак түштө кол салгандар бийлик адамдары «

Чакалайдын чак тушүндө саясатчы Өмүрбек Текебаевге чогулган белгисиз топтун кол салышын тыкыр кароону талап кылып партиянын мүчөлөрү УКМКнын алдына чогулушту. УКМнын алдына келгендердин арасында Клара Сооронкулова да келип өз пикирин ачык билдирди.
«Өмүрбек Чиркешович жан сакчысы жок эле жалгыз жүрөт. Ал кофейняда кофе ичип жаткан кезде келишип, сыртка сүйрөп чыгышыптыр. Автобуска отургузуп алып кетүү аракетин көрүшкөн экен. Ошол жерден «Парк отелдин» кароолчулары, жолдо өтүп бара жаткандардан коркуп эле кетип калышыптыр. Күбөлөр көбөйүп кеткен да.
Ал адамдар эч нерседен коркпойт. «Бандит» болгондо чак түштө, өкмөт үйүнүн жанында, шаардын борборунда адамга кол салуудан коркот эле да. Демек, булар атайын бийлик тарабынан уюшулган кол салуу болду. Булар бүгүн, эртең табылбай турган болсо, анда бийлик тарабынан уюшулган кол салуу дегенге ишенебиз. Эгердекол салган жаранды  таап, жүзүн көрсөтүп, ушул кишилер кылыптыр, биз жазага тартабыз дей турган болсо, анда бул ишти кандайдыр бир «бандиттик» топтор жасаган деп эсептейбиз. Биз мамлекеттин аракетин  күтөбүз. Анткени биз мамлекетте жашап жатабыз да. Укук коргоо, коопсуздук органдары бар. Кандай болбосун булар өз милдетин аткарышы керек. Ошон үчүн УКМКнын имаратынын алдына келип турабыз», — деп билдирген.

Add your comment

Your email address will not be published.