Кайненем сүрөтүмө ийне сайып, шымымды түйүп кулпулап коюптур коркуп жатам

Турмушка чыкканыма сегиз айдай болуп калды. Башында баарын билип эле турмушка чыккандай болгом көрсө мен биле элек дагы көп нерселер бар экен. Кайненем көзү ачыктар көп барып бир нерселерди кылып, чай, тузду тамагына өзүнчө салып ичет. Балким ооруп ошого ушундай дем салдырып ичип жаткан го деп койгом. Өткөндө үй жыйнап жүрүп тапчандын алдынан бетине ийне сайылган сүрөтумдү анан жууп коюп таппай калган шымымды таап алдым. Шымым бир нече жолу түйулүп акыркы түйүндө бекилген кичинекей кулпу кошо түйүлуп туруптур. Ошону көргөндөн бери коркуп жатам. Ушундай нерселер чын эле адамга таасир тийгизеби? Эмне кылыш керек?

Add your comment

Your email address will not be published.