Вт. Янв 25th, 2022

Дайынсыз жоголуп кеткен өспүрүмду алып келгеде апасы үйүнө киргизбей койгон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, 1-декабрь күнү Балыкчы шаарынын тургуну  социалдык баракчасы аркылуу уулунун чак туштө жоготуп кеткенин кабарлаган. Ошондой эле милиция кызматкерлери уулун аман-эсен таап бербесе аларга карата чара көрүлөрүү тууралуу баса белгилеген. Бирок өзү милиция бөлүмунө барып уулунун жоголгондугу тууралуу арыз жазган эмес.
Социалдык түйүндө жарыяланган маалымат Ысык-Көл РИИБдин электрондук журналына катталып, дайынсыз жоголгон жаш өспүрүмдү табуу боюнча издөө иштери башталган. алардын маалыматында 15 жашар өспүрүм Балыкчыда энеси менен чогу жашаган, ушул жылдын сентябр айынан баштап  Ысык-Көл районундагы лицейинин биринде 1-курста окуп,  окуу жайдын жатаканасында жашап жүргөн. Буга чейин да өспүрүм үйүнөн кетип калып, милиция кызматкерлери аны Бишкек шаарында жүргөн жеринен таап келишкен. Окуу жайындагы видеокөзөмөлдө камераларына өспүрүм болжол менен саат 14:30 чамасында лицейдин аймагынан белгисиз тарапка чыгып кеткендиги түшүп калган.

Дайынсыз жоголгон жаш өспүрүмдү издөө үчүн Ысык-Көл РИИБдин, Балыкчы ШИИБдин өздүк курамы, окуу жайдын мугалимдери жана мэриянын өкүлдөрү да тартылган. Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында, изделип жаткан жаш өспүрүм 2-декабрга караган түнү саат 01:00 чамасында Балыкчы шаарынан аман-эсен табылган. Дайынсыз жоголгон баланы үйүнө алып келгенде, энеси үйүнө киргизбей, кайра окуу жайына алып кетишин талап кылган. Жагдайга байланыштуу милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдү окуу жайына алып келишип, социалдык педагогдун көзөмөлүнө өткөрүп беришти.

Учурда Ысык-Көл РИИБдин тийиштүү иш кагаздары райондук балдар менен иштөө комиссиясынын кароосуна жиберилди.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *